Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 5-ноябрда Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Ренэ Холенштайнды кабыл алды. Өкмөттөн билдиришкендей, тараптар Швейцариянын президенти Буркхальтер Дидьенин Кыргызстанга болчу иш сапары тууралуу пикир алышышты. Сариева швейцариялык тарап социалдык тармакка колдоо көрсөтүүнү мындан ары да улантарына ишенерин билдирди жана саламаттыкты сактоо, энергетика, айыл чарба, туризм жана бизнес жаатында көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар мамлекеттик реформалар боюнча да сүйлөшүү жүргүзгөнү айтылды.