Кыргызстанда пенсиялык системди реформалоо демилгеленүүдө

Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, мыйзам долбоору элет жериндеги өндүрүүчүлөр, ишкерлердин пенсиялык камсыздандыруу деңгээлин көтөрүүгө, жарандардын кесип өзгөчөлүгүнө карабастан, бардык жактар үчүн бирдей камсыздандыруу принцибин түзүүгө багытталган.

“Бул документте камсыздандыруу төгүмү белгиленген чен аркылуу эмес, мурунку жылы өлкөнүн райондору менен шаарларындагы орточо эмгек акыга жараша жүргүзүү тартиби каралган. Дыйкан чарбаларынын башчылары жана алардын үй-бүлөсү үчүн 2015-жылдын 1-январынан тарта алардын жер үлүшүнө жараша камсыздандыруу төгүмүнүн тариф ченин белгилөө чарасы каралууда. 25 жыл аралыгында камсыздандыруу төгүмдөрүн этабы менен төлөө шартында 2015-жылдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1029 сомду түзөт”,- деди Абылгазиев.

Андан сырткары мыйзам долбоорунда пенсиялык камсыздоо принциптерин чыңдоо, пенсиялык фондго төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү менен пенсия көлөмүнүн ортосундагы байланышты бекемдөө, айылдык өндүрүшчүлөр жана өз алдынча иш алып баргандар жеке жактар үчүн пенсиялык камсыздоону реформалоо, пенсиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу аркылуу пенсиялык тутумдун туруктуулугун камсыз кылуу шарттары да каралганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан