Кыргызстанда илим тармагын реформалоо механизмдери даярдалууда. Бул жаатта иштеп жаткан жумушчу топтун курамына билим берүү жана илим министри
Канат Садыков, Улуттук илимдер академиясынын президенти
Абдыганы Эркебаев, президенттин алдындагы билим берүү маселеси боюнча Коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген. Жумушчу топтун отурумунда илим тармагын реформалоо жана илимий ишмердүүлүктүн кайра жаралышына тийиштүү маселелер талкууланды. Өкмөттөн 5-ноябрда билдиришкендей, илимий мекемелердин эффективдүүлүгү, окумуштуулар курамынын сапаты, атаандашуу жөндөмдүүлүгү, илимди башкаруу жаатындагы кырдаалга терең анализ жүргүзүү милдети коюлду.
Эксперттер жакын арада илим чөйрөнү реформалоо боюнча сунуштамаларын айтышат.