Депутаттык комиссия Тайырбек Сарпашевдин компаниясына байланышкан мыйзамсыз иштер аныкталганын жарыялады

Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында "Кумтөр" кенине май ташуу жана башка иштердеги аракеттери боюнча биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге таандык компаниянын ишин иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы угулду. Комиссиянын төрагасы депутат Максат Сабиров жыйында комиссиянын корутундусун окуп берди. Анда Тайырбек Сарпашев негиздеген "Градиент" компаниясы кожоюну (Сарпашев) вице-премьер-министр болуп турган учурда көптөгөн мамлекеттик тендерлерге катышып, утуп чыкканы айтылат. Комиссиянын мүчөсү, депутат Галина Скрипкина Тайырбек Сарпашевге байланышкан маалыматтардын айрымдары гана аныкталганын, "баары аныкталды" деген Максат Сабировдун айтканына макул эмес экенин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан