Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланды. Мыйзам долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жагынан ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө багытталганы айтылды.
Сунушталган документ аркылуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо, эмгек укуктарын, ошондой эле сот акыйкаттыгынын жеткиликтүүлүгүнө, медициналык-санитардык жардам алууга, инфраструктура объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, колдонуудагы мыйзамдарында каралган укуктарын бузгандыгы үчүн Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган.
Ошону менен катар инфраструктура объекттерин, темир жол, автомобилдик жана коомдук транспортту пайдалануунун жеткиликтүүлүгүнө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын чектегендиги үчүн юридикалык жана жеке жактардын администрациялык жоопкерчилигин жогорулатуу белгиленген.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.