Москвада "кош бойлуу кыргызстандык айымды зордуктады" деп шектелген полиция кызматкери кармалды

Кыргызстандык 33 жаштагы айым 4-ноябрь күнү укук коргоо органдарына кайрылып, зордуктоо фактысы тууралуу кабарлаган. Анын айтымында, "Улица академика Янгеля" станциясында метродогу полициянын улук сержанты Валерий Говоров жабырлануучуну миграциялык мыйзамды бузганга шектүү деп суракка алган. 
31 жаштагы полиция кызматкери административдик протокол түзүү үчүн бөлмөгө алып барып, жыныстык катнашка өтүүгө аракет кылган. Мындан сырткары айымдын 800 рубль акчасын тартып алган. 
Жабырлануучу Гүлмира Х. окуя болгон учурда 4 айлык кош бойлуу экени белгилүү болгон. Орусиялык ММКлардын бирине берген маегинде Гүлмира Х. бул боюнча: "Биз полициянын бөлмөсүнө барганда ал жерде дагы бир адам бар эле. Экөө бир нерсени сүйлөшүп, ал чыгып кетти. Полиция кызматкери мага тийише баштады. Кийимимди чечкенге буйрук берип, зордуктады. Кыйкырайын дегем, бирок ал депортацияланасың деп коркутту. Ыйлап жумушка келип, кылмыш жөнүндө полицияга билдирдим. Ал мени 30-октябрда да токтотуп, документтеримди текшерген. Анда 6 миң рубль акчамды алып алган",- деген.
Факты боюнча "жыныстык катнашка мажбурлоо", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголду. Шектүү колго түшүрүлүп, кызматынан айдалды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Alai.kyzy
2014-11-05 19:58:12
Зордукталганы чындыр. Болбосо уятка калып зордукталганын айтып чыкмак беле?!Россиядагы элчилерибиз кайда карап жатышат. Карга карганын козун чукубайт. Ошондуктан ишти жаап коюшту да же иш ачышкан жок. Эми орустар зордуктай башташыптыр даа ээ, тем более кош бойлууларды!!! Мент жазасын алыш керек!!!
+4
temirov76
2014-11-05 21:20:52
Жумуштан бошотулду дептир го жазанан кутулганы ошол да.
+2
anarbek281
2014-11-06 00:38:43
биздин посольство Аман эле болсун иштебейт москвадагы элчиликти жойуш керек жалак ... иштешет орусчо о билбегендер
+3
Begimkyz
2014-11-06 01:03:08
Кудай өзүң сакта(((
+1
barpy1
2014-11-06 01:13:26
Бул келин кыйкырса болбойт бекен, депортация ар-намысынан жогору бекен, зордуктатып коюп анан арыздангыдай... Анан да элчилик кызматкерлери мындай окуяларды уга берип беттери цемент, кулагы дулой болуп калышкан, коздору акчадан башканы корбой, алар муну тушунуп жетиши учун элчиликтеги бут кызматкерлерди зордукташ керек ошондо акылына келишет... Баарын чогултуп ангилер камалган турмого бир-эки айга путевка менен жонотушсо жакшы болмок, сооп болмок... Пайдасыз, оз элине кас акча жиндилерин!!!
+4
Kg.lady
2014-11-06 02:02:04
Жазанын эн женил турун алыптырго, иштен айдалып. Эми даана зордукту баштабаса болду, чурканын айынан жумуштан кеттим деп, кекенип, жолдон коргон мигрант аялдарды куурататго! Кудай сакта! Кудайдын жазасы тийсин!
+3
alai81
2014-11-06 04:01:00
Даа эми келиндин жашоосу эмне болот деп ойлонуп калдым.күйоосу тушунуктуу болсо жакшы болбосо ичндегиси м.н кошо айдайт го.
-1
Manasemetei
2014-11-06 04:18:32
prokuraturaga jazyw kk ele aryzdy.iwten algany bul bawtalywy.kylmyw iwin prokuratura kozgoit baribir.
+1
aiba_00
2014-11-06 09:11:11
Кээ бир эркектер олуп кетеби дейм да, жанталашып зордуктап г.. жиндилер. Чыдабай калышабы ушунча эле.
-3
sely
2014-11-06 10:56:50
Жазанын эн женилин алган го. Кызык моралдык, физикалык жактан жабыркаганын эске алышты бекен? Кош бойлуу да экен
+1
aigulai
2014-11-06 14:11:30
Элин бага албай бийлик жердин торт бурчуна минтип кыз келинин таратып жиберсе анан, кырсыка кабылып жатышпайбы.
-1
gulperi92
2014-11-06 15:02:19
Ичиндеги туула элек наристеси эмне болот эми?Кудай сактасын тооба
-1
timashi
2014-11-06 15:38:48
Байкуш кыргыздар, бийликтегилер эшек такалап журоберсин оозун ачып. Келинге сабырдуулук тиги зоокур жер жуткурга кудай озу корсотсун,турмушу не бт.
+1
tyn7tyk
2014-11-06 19:14:58
ошода бийликтегилерден сурасан иштеп жатабыз дейт кана иштегени байкуш аялга кыйын болгондур. бул биринчи жолу болбосо керек зордуктадгандар болсо деле эчкимге айта албай жургондорда бар ичке жутуп. бирок биз колубуздан эчтеке келбейт.
-1
ota.88
2014-11-06 21:39:14
Эх кыргызым кыргызым! Бир боорум ооруса Бир туруп жинин келет экен.Биздин кыздар оздору шерикда тажик азерлер м.н журуп тууп койгондору канча. Эми ХХХ ХХХХ отуптурда эхее. Кудай билет кимден кеткенин. Не болгон кундода келинге кыйын болуптур.
0
admin_portal
2014-11-07 10:26:20
ota.88 - эскертүү!
Башкалардын улутун, динин ж.б. нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
ekaterina
2014-11-08 08:19:08
ota.88, тоо десе бээ дейсинго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан