Депутаттар абдан суранышса да Тайырбек Сарпашев оппоненттеринин ысымын айтуудан баш тартты

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өзүнө таандык компаниянын айланасында жүрүп жаткан чуулуу иштердин артында саясий оппоненттери турат деп эсептейт. Муну ал парламенттин 5-ноябрдагы жыйынында айтып, "менин атымды каралоо үчүн абдан ойлонулуп жасалган аракет" деп билдирди.

Депутаттар саясий оппоненттери кимдер экенине кызыгып, жооп берүүсүн суранышты. Жыйында депутаттар абдан суранышканы менен, Сарпашев өзү айткан оппоненттеринин аттарын айтуудан баш тартты.

Тайырбек Сарпашев: - 2006-жылы Жаныш Бакиевдин буйругу менен менин бир тууган агамды ушул сыяктуу иштер менен каралап, камашкан. 8 жыл өттү, бүгүн ошол эле жигиттер кийимин алмаштырып келип, дал ушундай эле “заказды” аткарып жатышат. Мен алар кимдер экенин жакшы билем, буюрса, алдыдагы шайлоолордо жолугушабыз. 

Алтынбек Сулайманов: - Жанатан бери "саясий оппоненттерим" деп 4-5 жолу айттыңыз, алар кимдер? Фамилияларын айтып койсоңуз?

Тайырбек Сарпашев: - Алардын арасында сиз жоксуз.

Алтынбек Сулайманов: - Мен жок экенимди билем. Бирок кимдер экенин билгим келип жатат, ачык айта аласызбы?

Тайырбек Сарпашев: - Айтып жатам го, алар менен шайлоодо жолугушабыз. 

Алтынбек Сулайманов: - Мен ким экенин билгим келип жатат.

Тайырбек Сарпашев: - Аларды сиз деле жакшы билесиз, алар жакында сизге да оппонент болуп калышат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан