Тайырбек Сарпашев негиздеген компания 5 жылдын ичинде 110 тендерден утуп чыккан
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев негиздеген "Градиент" компаниясы 5 жылдын ичинде 110 тендерден утуп чыккан. Маалыматты парламенттин 5-ноябрдагы жыйынында аталган компаниянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Максат Сабиров билдирди. Сарпашев маалымат туура болушу мүмкүн экенин, бирок бул тендерлерге өзүнүн эч кандай байланышы жок экенин айтты. "Тендер десе эле башкача элестете бербеш керек. 20 миң, 50 миң же 100 миң сомдук май сатып алуу үчүн деле тендерлер өтөт. Мотор майлары болгондон кийин чакан суммадагы тендерлер өтө берет да. Бул тендерлерге менин катышым жок экенин депутаттык комиссия деле аныктады",- дейт Сарпашев.