Тайырбек Сарпашевге таандык компаниянын ишмердүүлүгү боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды

Жогорку Кеңештин 2013-жылдын 27-ноябрында айрым жеке ишканалардын иштерине биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катыштыгы бар экендиги боюнча маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы бүгүн, 5-ноябрда парламенттин жыйынында каралды.

Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Максат Сабиров баяндама жасады.

"Тайырбек Сарпашев вице-премьер-министр болуп иштеп турганда бир эле учурда "Градиент" жеке менчик фирмасына да кожоюндук кылган. "Градиент" фирмасы "Кумтөргө" май сатуу боюнча чоң тендерлерди утуп турган. Бул мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелет. Андан башка "Подиум” деген дүкөндө бир жарым жыл негиздөөчү катары тургандыгы, декларацияда "Ысык-Көл инвестбанкта" 44 пайыз акциясы жазылбай калгандыгы мыйзам бузуулар катары табылды", - деп билдирди Сабиров.

Комиссиянын мүчөсү депутат Галина Скрипкина текшерүүлөрдөн кийин жогоруда аталган маалыматтардын айрымдары гана тастыкталгандыгына токтолду. “Кумтөргө” май сатуу боюнча фактылар табылбагандыгын, "Подиум” деген дүкөнү боюнча кине коюуга болбостугун, жол куруу иштери боюнча мыйзам бузуу жоктугун белгиледи.

Ал эми Сарпашев болсо депутаттык комиссия менен ачык-айкын иштешкендигин, көтөрүлгөн маселе анын оппоненттери тарабынан каралоого болгон аракет катары баалады. “Градиент” фирмасын убагында тапшырган эмес деген бүтүмгө макул эместигин, декларацияда "Ысык-Көл инвестбанкта" 44 пайыз акциясы жазылбай калгандыгын моюнга алды.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар комиссия мүчөлөрүнөн, Тайырбек Сарпашевден бир катар маселелерди такташты. Жыйынтыгында депутаттык комиссия тарабынан иликтенген маалыматтарга баа берүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүү белгиленген Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Эске салсак, 2013-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңеште Сарпашев менен биригишкен компаниялар жөнүндө маалыматты текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан