Исмаил Исаков өкмөт мүчөсү Сарпашевге: "Банктагы 44 акциямды унутуп калыпмын" дегениңиз окшошпой калды"

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков парламенттин 5-ноябрдагы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди жалган айтпоого чакырды. Жыйында Сарпашев "1997-жылы банктан сатып алган 44 акциямды унутуп, кирешем тууралуу декларацияга кошпой калыпмын" дегенден кийин депутат буларды айтты: "Банктагы 44 акцияны унутуп калгам" дегениңиз биринчи вице-премьер-министрдин деңгээлиндеги сөз эмес. Унутуп калгыдай эмне, башталгыч класстын окуучусу белеңиз? "Унутуп калдым" дегенден көрө, "ушундай катачылык кетиптир" деп унчукпай калышыңыз керек эле". 
Биринчи вице-премьер сөзүнөн кайтпады. "Бул иш 17 жыл мурда болгон нерселер, унутсам унутуп калдым дейм да",- дейт ал. 
Айта кетсек, бүгүн Сарпашевге таандык компаниянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы угулду. Комиссиянын мүчөлөрү эки ача пикирде болушуп, көпчүлүгү "Сарпашевдин күнөөсү жок" деген чечимге келишкени белгилүү болду. Комиссиянын материалдары юридикалык баа берүү үчүн тийиштүү органдарга жиберилет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан