"Градиент" компаниясы "Кумтөргө" мотор майларын саткан эмес, андан сатып алган",- деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламенттин 5-ноябрдагы жыйынында. "Кумтөр" иштетилген майларды чыгарып кетүүгө сынак жарыялап, андан өзү негиздеген компания утуп чыкканын айтат өкмөт мүчөсү. "Кыргызстанда мотор майларын кайра иштетүү укугу 4 компанияда гана бар, алардын бири ушул компания",- деди ал.
Айта кетсек, буга чейин аталган компания мыйзамсыз түрдө "Кумтөр" ишканасына мотор майларын ташып жатканы айтылып келген.