Бүгүн, 5-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын администратору Айше Жихан Султаноглуну кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Айше Жихан Султаноглу Кыргызстан 2015-жылдан кийинки мезгилде глобалдуу өнүктүрүү тармагындагы күн тартибин тактоого чоң салым кошконун белгиледи.
Тараптар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын шайлоо процессин өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча аракеттерин колдоо маселелерин талкуулашты.
Мамлекет башчы Кыргызстан менен БУУнун агенттиктери ортосундагы мындан аркы кызматташтыгы өлкөнү жана аймакты өнүктүрүү кызыкчылыктарына жооп берерине ишенерин билдиргенин президенттик аппараттан билдиришти.