Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 5-ноябрда Уэльс ханзаадасынын кеңешчиси Патрик Холден менен жолугушту. Вице-спикер Кыргызстан үчүн Улуу Британия менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн мааниси чоң экенин билдирди.
Парламенттер аралык кызматташууга токтолуп, Жогорку Кеңештин Улуу Британия парламенти менен тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин айтты. "Кыргызстан башынан өткөргөн эки президенттик башкаруу системинен кийин бүгүнкү күндө биздин өлкө үчүн парламенттик демократия алгылыктуу экени талашсыз факт",- дейт вице-спикер. Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба жаатындагы кызматташуу маселелери да талкууга алынды.
Патрик Холден Кыргызстандагы экологиялык жактан таза өнүмдөрдү сактоо зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, бир катар өлкөлөрдөгү химиялык кошулмаларды жана компоненттерди пайдалануу менен азык-түлүктөрдүн өндүрүлүшү калктын сапаттуу тамактануусун төмөндөтөт. "Кыргызстандын айыл чарбасындагы экологиялык жактан таза болгон өнүмдөрдү өндүрүү боюнча уникалдуу салт сакталып калышы керек жана аны көбөйтүү зарыл",- деди ал.