Асылбек Жээнбеков Мамлекеттик Думанын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту

Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков 5-ноябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты жана парламенттер аралык байланышты бекемдөө боюнча сүйлөшүү жүргөнүн парламенттин басма сөз кызматы билдирди.  
Асылбек Жээнбеков Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтык эки өлкөнүн кызыкчылыгына ылайык өнүгүп жатканын белгилеп, биргелешип ишке ашырылганы жаткан ири долбоорлорду мисал келтирди. Өлкөлөрдүн парламенттер аралык байланышы да жогору экенин айткан спикер: "КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын алкагындагы өнөктөштүк мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөөгө негиз берет",- деп билдирди. 
Тараптар Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши, Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу менен Евразия экономикалык союзунун толук кандуу мүчөсү болушуна тийиштүү маселелерди да талкуулаганы айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан