"Forbes" журналы Владимир Путинди "Жылдын эң таасирдүү адамы" деп тапты

Америкалык "Forbes" журналы Орусиянын президенти Владимир Путинди "2014-жылдын эң таасирдүү адамы" деп тапты. Экинчи орунда АКШнын президенти Барак Обама, үчүнчү орунда Кытайдын лидери Си Цзиньпин экени жарыяланды. Аталган 3 лидер былтыр да журналдын версиясы боюнча ушундай рейтингде турушкан. Төртүнчү орунда Рим Папасы Франциск, бешинчиде Германиянын канцлери Ангела Меркель турат.  
Алдынкы ондукка АКШнын Федералдык резервдик системинин башчысы Жанет Йеллен, миллиардер Билл Гейтс, Европа борбордук банкынын башчысы Марио Драги, "Google" компаниясынын тең негиздөөчүлөрү Ларри Пейдж менен Сергей Брин (экөө 9-орун) жана Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон киргени маалымдалды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан