Жогорку Кеңештин 6-ноябрдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова: “Башкы прокурор Аида Салянова парламентке келип, менин сүйлөгөн сөзүмө укуктук баа берип кетсин”,- деп талап кылды. Анын айтымында, Салянова спикер Асылбек Жээнбековдон депутаттын ушул жылдын 23-октябрында парламенттик отурумда сүйлөгөн сөзүнө укуктук баа берүү үчүн стенограмманы сурап кат жазган. “Эгерде укуктук баа бергиси келсе, алдыма келсин. Мен Бишкектеги аялдар колониясында абакта отурган Адина Турдубаеванын депутаттарга жазган катын ушул жылдын 23-октябрында ушул жерден кесиптештериме окуп бергем. Төрөбай Закирович, прокурордун жазган катына кол коюп, башка депутаттарга да таратып бериңиз”,- деди Мамырова.
Маселе бүгүнкү күндүн күн тартибине киргизилип, саат 14:00гө Аида Салиянова парламентке чакыртылды.