Парламент прокуратура жана УКМК тарабынан айыпталып жаткан депутаттар Каныбек Осмоналиев менен Урмат Аманбаевага байланышкан ишти иликтеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушу тармактык комитетке жиберилет. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 6-ноябрдагы жыйынында кабыл алынды. Жыйында депутат Жусупали Исаев: “Кечээ депутаттык комиссия түзүү боюнча сунуш кылдым эле, каралбай калды. Ошон үчүн алгач тармактык комитеттин кароосуна киргизели”,- деп сунуш кылды. Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров бул боюнча тармактык комитетке тапшырма берерин айтты.