Электр энергиясынын тарифтери боюнча элге маалымат жетпей жатканын айтышты депутаттар

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери боюнча элге маалымат жетпей жатат. Муну парламенттин 6-ноябрдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова билдирип, өкмөттөн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылды. "3 фазалар өчүрүлгөндөн кийин аймактарда жарандардын электр плиталарына чейин текшерип жатышыптыр. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, элге жаңы тарифтер боюнча кенен маалымат берүү зарыл",- дейт Мамырова. Бишкек шаарында светти маал-маалы менен өчүрүүлөр боюнча да тургундарга маалымат берилбей жатканын айтып: "12-кичи райондо күндө свет өчүрүлүүдө. "Бирок свет күн сайын айрым гана үйлөрдө өчүрүлүүдө" деп тургундар арызданышууда. Өчүрүүлөр качан, кайсы аймакта болорун жарыялаш керек",- деп билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан