Баткенде мугалимдер иш таштаганы жатышат. Муну парламенттин 6-ноябрдагы жыйынында депутат Ташполот Балтабаев билдирип, "айлыктар көтөрүлбөсө, Баткенде мугалимдер иш таштоого даяр" деди. Анын айтымында, депутаттардын атына Баткендеги билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюму кат жиберген. “Профсоюз уюмунун катында “депутаттар, мугалимдердин айлыгын жогорулатуу боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылуусун көзөмөлдөбөсөңөр, мугалимдер иш таштоого даяр” деп айтылат. Өкмөттөн ушул маселеге көңүл бурууну талап кылам”,- деди Балтабаев.