Бүгүн, 6-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Нуркулов Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук билим берүү бөлүмү мугалимдердин айлыктарын бербей жаткандыгын айтты.
“Сузактык тургундардын айтымында, райондук билим берүү бөлүмү айлык маяналарга бөлүнгөн акчаны өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланышууда. Бөлүмдүн айрым кызматкерлери 15-20 жылдан бери иштеп жатышат. Аларды алмаштыруу керек. Айлыктарынын ордуна гезиттерди, концерттик билеттерди мажбурлап беришет экен. Демек, бул жерде коррупциялык көрүнүш орун алууда. Эгер республиканын бир районунда ушундай нерсе болсо, анда өлкөнүн бардык бурчтарында мындай мыйзам бузуулар орун алып жатат экен да. Бул маселени иликтөө зарыл”,- дейт Нуркулов.