Жогорку Кеңештин 6-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргыз улуттук университетинин учурда жетекчиси жок турганын сындашты. Окуу жайдын жамаатынын арасында нааразычылыктар болуп жатканын айткан депутат Элмира Жумалиева буларды кошумчалады: "Жетекчи жок жерде баш аламандык өкүм сүрөт. Улуттук университеттин ректорлук кызмат ордуна сынак жарыяланып, анын жеңүүчүсү аныкталган. Бирок негедир ушул кезге чейин дайындалбай жатат. Өкмөт тиешелүү чараларды көрүп, бул маселенин чечилишин тездетиши керек".