Жогорку Кеңештин 6-ноябрдагы жыйынында депутаттар журналисттерди 7-ноябрдагы кесиптик майрамы менен куттукташты. Куттуктоо айткан депутаттардын баары басма сөз кызматкерлерин калыс болууга чакырышты. Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров журналисттик кесип татаал экенин айтып, журналисттердин эмгегин төмөнкүчө баалады: “Сиздердин кесип өтө оор. Акыйкаттыкты элге жеткирүү үчүн өлүп кеткен журналисттер болгон. Ошого карабастан, чындыкты жазуудан тайманбай эмгектенип келесиздер. Калыстыктан тайбай, өлкө үчүн кызмат кыла бериңиздер".