Жазык аткаруу кызматынын Соттолгон адамдарды коштоп күзөтүү департаментинин соттолгон адамдарды ташыган жалгыз гана автоунаасы калыптыр. Бул тууралуу депутат Эркингүл Иманкожоева Жогорку Кеңештин бүгүн, 6-ноябрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, жалгыз автоунаа департаментке жетишсиз.
"Жакында биз өзүбүз барып көрдүк, жалгыз автомашина таптакыр жетишпей жатыптыр. Эгер 5 миллион сом каражат табылса, ага дагы 2 автомашина сатып алууга болот. Өкмөт бул маселени чечип бериши керек. Андан сырткары имараттарын оңдоого да кошумча каражат бөлүнсө жакшы болмок",- дейт депутат.