Бүгүн, 6-ноябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуусунун министрлик жыйынына катышты. Жыйында өкмөт башчы "Кыргызстан аймактык кызматташууну кеңейтүүгө аракет кылууда. Өлкө ачык экономикага жана кызматташууга багыт алган мамлекет болуп саналат жана биз бул багыттагы саясатты улантабыз",- деп билдирүү менен өлкөдө экономикалык мүмкүндүктөрдү өнүктүрүү жана жагымдуу инвестициялык абалды түзүү үчүн тийиштүү шарттар түзүлүп жатканын айтты.
Премьер-министр Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуу программасынын милдеттери Кыргызстандын 2013-2017-жылдарга карата Улуттук өнүгүү стратегиясынын милдеттерине шайкеш келерин кошумчалады.