Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстандын журналисттери чындыктан жана калыстыктан тайбайт деп ишенем"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-ноябрда маалымат жана басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат: 

“Урматтуу маалымат чөйрөсүнүн жана басма сөз кызматкерлери!

Кымбаттуу журналисттер!

Бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жыл сайын 7-ноябрда биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын, полиграфиялык ишканалардын кызматкерлерин, маалыматты даярдоого, өндүрүүгө жана таратууга байланыштуу чөйрөдө иштеген кесиптештериңердин майрамын белгилейбиз.

Мындан 90 жыл мурда, 1924-жылдын 7-ноябрында алгачкы кыргыз гезитинин биринчи саны жарык көргөн. Ал эми бүгүнкү күндө өлкөбүздө жүздөгөн гезиттер, ондогон теле жана радиокомпаниялар, маалымат агенттиктери, полиграфия ишканалары иштейт. Маалымат чөйрөсү коомубузда зор мааниге ээ болуп, өлкөнүн экономикасына дагы өз салымын кошуп жатат.

Маалымат жана басма сөз күнү өлкөбүз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Кыргызстанда бул майрам биринчи кезекте чындыктын, сөз эркиндигинин жана калыстыктын белгиси болуп калды. Сөз канчалык зор күчкө ээ экендигин өз тажрыйбамдан улам жакшы билем. Сөз адамга канат байлашы мүмкүн, жаралантып коюшу дагы ыктымал. Мекендештерибиз сөз эркиндиги үчүн кыйын мезгилдерде, бийлик куугунтукка алган, бычактаган, ал тургай өлтүрүп койгон кезде дагы кайратынан тайбаган журналисттерге абдан ыраазы. Бирок бүгүнкү чыныгы сөз эркиндигин жоопкерчилик менен урунуш үчүн дагы андан кем эмес кайрат жана эрк керек. Ошондуктан  Кыргызстан эли калыс жана объективдүү маалыматты элге жеткирүүнү максат кылып, ушул ишке өмүрүн арнагандарды терең урматтайт.

Эгемендүү Кыргызстандын журналисттери ар дайым эркиндикти туу тутуп, алдыга койгон максатынан кайтпастыгы менен өзгөчөлөнүп келген. Заман тез өзгөрүп жатат. Өлкө менен кошо жалпыга маалымдоо каражаттары дагы алдыга умтулууда. Мамлекетте тазалануу башталды, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүлүп, бийлик органдарынын ачык иштөөсүн камсыз кылуу боюнча чечкиндүү иштер жүргүзүлүүдө. Мындай аракеттер буга чейин айтылбай келген фактыларды жана көрүнүштөрдү ачыкка алып чыгуу менен коштолуп жатат. Бирок сөз эркиндиги жалпыга маалымдоо каражаттарынан жоопкерчиликти жогорулатууну, журналисттик иштин сапатын арттырууну дагы талап кылат. Элге чындык, объективдүү маалымат керек.

Кыргызстан эли өз күчүнө ишене баштады. Өлкөбүз акырындык менен негиздерин бекемдеп, туруктуу өнүгүүгө жол ачууда. Кыргызстандын маалымат майданындагы кызматкерлери чындыктан жана калыстыктан тайбай, жаратмандыкка өбөлгө болуп, элдин биримдигин, ынтымагын арттырууга, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, мыйзамдуулукту чыңдоого, мамлекет жана коом менен байланышты арттырууга көмөктөшөт деп ишенем.

Биздин максатыбыз бир - өнүккөн, кубаттуу Кыргызстанды куруу!

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш, бакыт-таалай жана жаңы чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!" 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан