Орусияда ишке орношкусу келген кыргызстандыктар мындан ары орус тилинен сынакты Бишкектен тапшырышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаттары 5-ноябрда Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда спикер Асылбек Жээнбеков мамлекеттүүлүктү бекемдөө, өлкөнү энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирүү, экономиканы көтөрүү боюнча Кыргызстандын бийлиги жасап жаткан иштерди айтып берди. ЖКнын басма сөз кызматына таянсак, төрага сыртта иштеп, окуп жаткан мекендештердин Кыргызстанга салым кошуп жатканын белгиледи жана Кыргызстан Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка киргенден кийин мигранттарга байланышкан көйгөйлөр чечилерин айтты. 
Орусиядагы кыргызстандыктардын орус тилинен сынак тапшыруусу боюнча Орусия парламентинин 2 палатасынын төрагалары менен сүйлөшкөнүн айткан Жээнбеков сынак тапшырууну жөнөкөйлөштүрүү жагы каралып жатканын билдирди. Тактап айтканда, Орусияда ишке орношкусу келген кыргызстандыктардын өз өлкөсүндө туруп эле сынак тапшыруусуна шарт түзүлгөнү жатат. Бишкекте орус тилинен сынак тапшыруу үчүн 2 борбор ачылмакчы.   
Орусиядагы мекендештер Москва шаарына Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүктөрүн ачуу сунуштарын айтышты. Депутаттар мындай сунуш Кыргызстандын өкмөт башчысына берилгенин, бул маселе эки өлкөнүн Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрүнүн 10-ноябрдагы жолугушуусунда талкууланарын айтышты.  
Айта кетсек, быйыл Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон мыйзамга ылайык, мигранттар жумушка орношуу үчүн орус тилин билүүсүн далилдеп берүүгө милдеттендирилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан