Депутат Нурлан Төрөбековдун ишин иликтеген депутаттык комиссиянын курамы өзгөрдү

Парламент депутаттары бүгүн, 6-ноябрда депутат Нурлан Төрөбековдун иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун угууну артка жылдырышты. Маалыматка таянсак, комиссия Нурлан Төрөбековго "жасалма диплом пайдалануу" фактысы боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын текшерип чыгууга жетише алган эмес. Бүгүнкү жыйында комиссиянын курамы өзгөртүлүп, андан депутат Бөдөш Мамырова чыгарылды. Анын ордуна депутат Майрамкүл Тиленчиева киргизилди. "Депутаттык комиссиянын ишин көзөмөлдөгөн вице-спикер катары менин комиссиянын курамында болгонум туура эмес болуп калат экен. Негедир башында мени курамга кошуп коюшкан экен",- деди Мамырова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан