Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 6-ноябрда белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгына арналган салтанаттуу кечеге катышты. "Турдакун Усубалиевдин бүт өмүр жолу - 95 жылга созулган жаратмандыктын жана куруучулуктун, мырзалыктын жана кыйынчылыкты татыктуу жеңип чыгуунун, эмгек менен ардактын туу чокусуна жетүүнүн жолу",- деди Оторбаев. Өкмөт жетекчиси мамлекеттик ишмердин өлкөнүн бардык тармагына кошкон салымын белгилөө менен Кыргызстандын тарыхы Т.Усубалиевдин ысымы менен тыгыз байланыштуу экенин билдирди. "Турдакун Усубалиев - жалпыбыздын үйүбүз - Кыргызстанды курган адам. Анын республиканын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон салымы талашсыз жана баа жеткис",- деп билдирди премьер.