Бишкекте энергетика, туризм тармагы боюнча кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 6-ноябрда Кытайдын Элдик саясий консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары Ван Чжэнвэй менен жолугушуп, тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгын талкуулашты. Сарпашев Кыргызстан стратегиялык өнөктөш катары Кытай менен мамилени мындан ары улантууга кызыкдар экенин кошумчалап буларды айтты: "Өкмөт экономика, энергетика, кайра иштетүү өндүрүшү, айыл чарба жана туризмге инвестиция салуу тармагы боюнча Кытай менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр". 
Кытайлык өкүл эки мамлекеттин жетекчилиги ортосундагы саясий ишеним жыл сайын бекемделип жатканын белгилеп: "Энергетика жана кен иштетүү, унаа жолдорун куруу боюнча биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда. Эки тараптуу өнөктөштүктүн келечектүү багытынын негизгилеринин бири - туризм",- деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан