Кыргызстанда жекече детективдик жана күзөт иштерин жөнгө салуу мыйзамдуу жолго коюлат

Жогорку Кеңеште жекече детективдик жана күзөт иштерин жөнгө салууга багытталган “Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Мыйзам долбооруна ылайык, детективдик жана күзөт ишмердигин ишке ашырган кадрлардын атайын даярдыктан өтүү, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу тартибин киргизүү сунушталууда. Анткени андай чаралар иштеп жаткан мыйзамдарда жөнгө салынган эмес. Ошондон улам аларды атайын даярдыктан өткөрүү тартибин КРнын Өкмөтүнүн чечими менен бекитүү зарыл. 

Андан сырткары атайын даярдыктан өтпөй эле аталган ишмердүүлүктүн түрү менен алектенүүгө укук коргоо органдарында үч жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдарга укук берилет. Бул тууралуу 6-ноябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан