Асылбек Жээнбеков: “Турдакун Усубалиев жаш кадрлардын бүтүндөй бир муунун өстүрүп чыгарды"

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкекте белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 95 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Иш-чарада Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун куттуктоосу окулду. Төрага өз сөзүндө буларды айтат:

"Урматтуу Турдакун Усубалиевич! 

Сизди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан 95 жылдык кутман курак мааракеңиз менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыздын чыгаан уулдарынын бири катары сиздин мамлекетибиздин тарыхында, коомчулукта ээлеген ордуңуз өзгөчө. Сиз басып өткөн даңктуу, байсалдуу өмүрлүк жол жалпыбыз үчүн өрнөк.

Чейрек кылымдан ашуун Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары катары акылды азык, карууну казык кылып иштеп, СССР Жогорку Советинин беш жолку, Кыргыз ССР Жогорку Советинин алты жолку, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир жолку чакырылышына шайлануу менен өлкөнүн өнүгүшүнө өтө зор салым коштуңуз. Мамлекетибизди өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн жаңы саамалыктар менен жакшы жөрөлгөлөр сиздин ысымыңыз менен тыгыз байланышкандыгына элибиз күбө, тарыхыбыз күбө.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгон жылдары да кыргыз парламентинин жаңы шартта, жаңы нукта калыптануусуна жана анын андан ары өнүгүшүнө бараандуу салым кошконуңузду жакшы билебиз. Айрыкча өлкөнүн жаратылыш байлыктарын, анын ичинде суу башатын сарамжалдуу жана өз багытында пайдалануу жаатында жигердүү аракеттенип, Суу кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу демилгесинин башында турдуңуз. Ал азыр дагы өз маанисин жоготкон жок.

Кандай кырдаалда, кайсы кызматта иштебеңиз, иш билги жетекчи, жөн билги инсан, тажрыйбалуу устат катары аброй таап, жаш кадрлардын бүтүндөй бир муунун өстүрүп чыгардыңыз. Алар сиз салган даңгыр жолдо далай ийгиликтерге жетишип, азыр да калкыбыздын кызыкчылыгына кызмат өтөөдө. Бул Жараткан жалгаган жетекчилик жөндөмүңүздүн, тунук акыл-эсиңиздин, арыбас аракетиңиздин, талыкпас мээнетиңиздин акыбетинин кайтып жатканы.

Турдакун ата, эл-журтуңузга бере турган карыялык нускаңыз али арбын. Мындан ары да карылык каадаңыздан жазбай, арабызда аман-эсен жүрүшүңүзгө тилектешмин. Сизди жалаң жакшылык жылоолосун!

Сизге чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш, бактылуу карылык каалайм!

Дагы бир ирет мааракеңиз менен!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан