Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" эпосунун бет ачарына карата кайрылуу жасады. Кайрылууда булар айтылат:
“Урматтуу мекендештер!
"Манас" эпосу - кыргыз элинин эн белгиси, тарыхы жана кайталангыс руханий байлыгы. Татаал жолду басып өткөн элибиздин эркиндикке, эгемендикке умтулуусун, жаркын келечекке болгон зор үмүтүн чагылдырган улуу дастан.
Саякбай Каралаевдей залкар манасчы кылымда бир жаралат. Саякбай атабыз көчмөн турмушта, согуш алааматынын катаал шартында көөнөрбөс ыйык мурасты сактап, өркүндөтүп, бизге табыштап кеткен. Жалпы адамзат маданиятынын дүйнөлүк кенчине татыктуу салымын кошкон.
Саякбай - кыргыз элинин сыймыгы. Дүйнө жүзү залкар манасчыны урматтайт жана анын ташкындаган талантына суктанат. "Манас" үчилтиги ЮНЕСКОнун чечими менен жалпы адамзаттын маданий мурасы деп таанылып, Саякбай Каралаев "ХХ кылымдын Гомери" деп аталган.
Мекендештеримди жакшы саамалык - Саякбай Каралаевдин "Манас" үчилтигинин толук басылмасынын жарык көргөнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Манас атабыздын касиети кыргыз элине кайрадан кайтып келип отурат. Айкөл Манас атабыздын рухун ыраазы кылып, гүлдөгөн Кыргызстанды куралы!"