Бүгүн, 6-ноябрда КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева DVB-T2 стандарттагы санариптик телеберүүнү жана спутник стандартындагы DVB-S2 телеберүүнү ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Э.Сариева санариптик телеберүүнүн ишке киргизилүүсү санариптик берүү программасынын биринчи кадамы болуп саналарын билдирди. "2015-жылы өлкөнүн жарандары санариптик сигналдарды кабыл алыш үчүн дагы бир топ иш-аракеттерди жүргүзүшүбүз керек. Бул иштин биринчи бөлүгүнүн жыйынтыгы менен санариптик сигналдын жана телеберүүнүн сапатын текшере алабыз. Мындан кийин "Кыргызтелеком" ишканасы жалпы республика боюнча тармакты улантышы керек",- деди вице-премьер-министр.
Мындан тышкары ал өкмөт тарабынан жергиликтүү телекомпанияларга кошумча акча каражат бөлүп берүүнү пландап жаткандыгын баса белгиледи.