Бишкектик дарыгерлер тирүү адамды "өлдү" деп моргго чыгарып таштап, бейтап 3 күндөн кийин өлгөнү айтылды

Жогорку Кеңештин 6-ноябрдагы жыйынында депутат Гүлнара Жамгырчиева Бишкектеги кардиоборбордун хирургдарынын шалаакылыгын айтып чыкты. Депутат "өзүм күбө болдум" деп төмөнкү окуяны айтып берди: 
"28-октябрда эртең менен кардиоборбордун хирургу Акылбеков 41 жаштагы Рахат Кененбаева деген айымга операция жасады. Операция өткөрүү үчүн кан айландыруучу аппаратты улаш керек болчу, бирок аны улашкан эмес. Операция жакшы өткөнүн айтып, палатага которгону жатканда бейтаптын жүрөгү кармап калып, ага кайрадан операция жасалды. Эки күн реанимацияда жатып, 30-октябрда (бейшемби) ага аппаратты улашты. Көп өтпөй операция жасаган дарыгер бейтаптын туугандарын чакырып "аппаратты өчүрөм, негизи 4 саат уланышы керек болсо, буга 6 саат болуп калды" деп билдирген. Туугандарына бейтапты өлүкканадан алып кетүүнү сунуштайт. 
Мындан кийин бейтаптын туугандары, бала-чакасы ызы-чуу түшүп, айылына боз үй тигип даярданышат. Ишемби күнү туугандары Кененбаеваны алып кеткени өлүк сактоочу жайга барышса, анын дем алып жатканын айтышкан. Дүйшөмбү күнү ал каза болуп калды. Врачтык этика деген кайда? Көз жумуп, денеси муздагандан кийин деле угузса болот эле да?"
Ушуларды билдирген депутат саламаттыкты сактоо министрлигине талапкер Талантбек Батыралиевге кайрылып, "министр болуп дайындалып калсаңыз, кардиоборбордун хирургдарынын деңгээлин текшерүүңүздү суранам" деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан