Бүгүн, 6-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Талантбек Батыралиевди саламаттык сактоо министри кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда президенттик аппараттын маалымат-саясат бөлүмү билдирди.Маалыматка ылайык, аталган жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, кечээ, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында
Т.Батыралиев саламаттык сактоо министри болуп
шайланган.