КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков эски сүйүүсүн эске салды

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков "Парламент" радиосунун 6-ноябрдагы маегинде саясаттан тышкаркы жашоосу тууралуу кенен маалымат берди. Депутат акындык өнөрү, жакында басылып чыккан ырлар жыйнагы тууралуу кеп кылды. Өзүнүн китебиндеги "Бегайым" деген ыр тууралуу буларды айтты: 
"Ооба, бул кыз менин жашоомдо болгон. Студент кезде экөөбүз жолугушуп жүрдүк, Политехте окучу. Балалык сезимдер экен, муну жубайым туура эле түшүнөт. Тагдырдын тамашасыбы, кийин үйлөнгөндөн кийин бул кыз менин жубайымдын классташы болуп чыкты. Экөө параллель класста окуган экен. Жаш кезде ыр жазган жигиттер үчүн кайсы бир кызга арнап ыр чыгаруу өөн учураган деле көрүнүш эмес да. Үйлөнгөндөн кийин деле "Ак жоолукчан кара көз" деген ыр жаздым. Муну келинчегим туура эле кабыл алган".  
Депутат акыркы жылдары ыр жазууга убактысы тар болуп, көбүнчө иш сапарларга чыкканда жаңы чыгармаларды жаратып жатканын айтты.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан