Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Instagram желесиндеги баракчасына өзүнүн Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен президент Владимир Путиндин портретинин фонунда түшкөн селфи сүрөтүн жайгаштырды. Сүрөткө өкмөттүк комиссиялардын биринин жыйынынан кийин түшүшкөнү айтылды. "Биз Дмитрий Анатольевич менен дүйнөдөгү эң таасирдүү адам, Орусиянын улуттук лидери Владимир Путиндин портретинин фонунда селфи жасадык",- деп белгилейт Кадыров. Чеченстандын лидери аймактарга көрсөтүп жаткан жардамы үчүн Дмитрий Медведевге ыраазычылык билдирет.
Айта кетсек, америкалык "Forbes" журналы Орусиянын президенти Владимир Путинди "2014-жылдын эң таасирдүү адамы" деп тапты.