Эльвира Сариева жашоосу оор үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо жакшыртылганы жатканын айтты

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 6-ноябрда Кыргызстандын 2015-2017-жылдарга карата Калкты социалдык жактан коргоону өнүктүрүү программасы талкууланган тегерек столго катышты. Вице-премьер белгилегендей, программанын башкы максаты — социалдык жактан корголбогон жарандар категориясын сапаттуу тейлөө менен камсыздоо жана алар үчүн бирдей мүмкүндүктөрдү түзүү. "Документ социалдык коргоонун так багытын аныктайт. Программанын келечектүү багыттары - жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдү жана балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды жана карыларды социалдык жактан коргоо",- деди Сариева.

Өкмөттөн билдиришкендей, программа долбоорун иштеп чыгууда эксперттер жана тийиштүү органдардан 125тей сунуш берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан