Кыргызстандын Юстиция министрлигинде 6-ноябрда атайын буйруктун негизинде түзүлгөн эксперттик жумушчу топтун кезектеги отуруму өттү. Отурумда "Кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан түшкөн сунуштар талкууланганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жумушчу топтун максаты - жарандарга кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам көрсөтүү механизмдерин иштеп чыгуу, калктын жакыр жашаган катмарынын сот адилеттүүлүгүнө жетишүүсүнө шарт түзүү, жарандык иштер боюнча акысыз юридикалык кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жана башка. Айта кетсек, аталган жумушчу топ 2014-жылдын 7-апрелинде түзүлгөн.