Каржы министрлиги Экологиялык фондду өзүнө кошуп алууга аракеттенбегенин билдирди

Кыргызстандын Каржы министрлиги буга чейин айтылып жаткан "Каржы министрлиги Экологиялык фондду өзүнө кошуп алып, аны бюджетти толтуруу үчүн пайдаланганы жатат" деген маалыматтар боюнча билдирүү жасады. Министрлик төмөнкүлөрдү билдирет:

“2014-жылга республикалык бюджет жана 2015-2016-жылдарга божомол жөнүндө” мыйзамына ылайык, өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин атайын каражаттары 269 миллион 500 миң сом суммасында бекитилген жана жыл ичинде 378 миллион 600 миң сом суммасында такталып, жаратылышты коргоо иштерине колдонулууда. Бул каражаттар “Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары жөнүндө” мыйзамдарына жана башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык түзүлөт. Аталган мыйзамдарда жана ченемдик-укуктук актыларда жаратылышты коргоо мамлекеттик фонддорунун атайын эсептерине которулган жаратылышты коргоо иштери үчүн ар кандай төлөмдөр жана жыйымдар каралган.

Каржы министрлиги Экологиялык фонддун каражаттарын алып коюуга жана бул фондду өзүнө кошуп алууга аракеттенген жок.

Бул маселе өкмөттүн 2013-жылдын 17-декабрындагы токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагына же аймагынан чет мамлекеттердин жүк ташуучу автоунаа каражаттары киргенде же чыкканда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө” убактылуу жободо белгиленген Кыргызстандын аймагына чет мамлекеттердин автоунааларынын киргендиги үчүн алынчу төлөмдөн улам келип чыкса керек.

“Кыргызстандагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамына ылайык, милдеттүү төлөмдөр республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш, алар ведомстволордун атайын эсебине чегерилиши мүмкүн эмес". 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан