Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Мындан дээрлик жүз жыл мурда, кылымдагы абдан маанилүү тарыхый окуялардын бири революция болуп өткөн. Анын мааниси азыркыга чейин жоголо элек.
1917-жылдагы Октябрь революциясы кыргыз элинин тагдырына жакшы бурулуш жасап, мамлекетти калыптандырууга жана өнүктүрүүгө шарттарды түздү. Биз бул жөнүндө эч качан, өзгөчө Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында унутпашыбыз керек.
Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөн күнүнө 90 жыл толду. Бул окуя 1991-жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө негиз болуп берди.
Совет бийлигинин жылдарында Кыргызстан башка өлкөлөр менен катар эле экономикасын өнүктүрүүгө жана социалдык инфраструктурасын жакшыртууга жол ачылды. Сабатсыз, агрардык өлкөдөн билимдүү, өнөр жайы өнүккөн республикага айландык. Акысыз медициналык тейлөө, жеткиликтүү билим берүү, жаңы жумуш орундары, ошондой эле жарандык укуктардын теңчилиги Совет доорунун негизги жетишкендиги болуп эсептелет.
Элибиздин айрым асыл үмүттөрү ишке ашпай калгандыгын моюнга алабыз. Советтик мезгилдин көптөгөн жетишкендиктерин жоготуп алдык. Баалуулуктар өзгөрдү. Бирок бизде азыр эркин, күчтүү жана гүлдөп-өскөн мамлекетти курууга чыныгы мүмкүнчүлүк бар. Бул максат зор күч-аракетти талап кылса да, мен ийгиликке жетерибизге ишенем. Биз кубаттуу, өнүккөн Кыргызстанды курууга тийишпиз! Эгемендүү жана бакубат өлкөдө жашасам деп тилек кылган кыргызстандыктардын көптөгөн муундарынын ишенимин акташыбыз керек.
Улуу муундун үзүрлүү эмгегине, эрдигине таазим кылып, бул майрам дайыма Кыргызстанда белгилене берет деп терең ишенем.
Бардык кыргызстандыктарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана жакшылыктарды каалайм. Элибизде тынчтык жана ынтымак болсун, Кыргызстаныбызда байгерчилик орносун!"