7-ноябрга карата борбордогу акча алмаштыруу жайларында рублдун курсу арзандап, сатып алуудагы баасы 1 сом 20 тыйынга, сатуудагы баасы 1 сом 23 тыйынга түштү. Көрсөткүч бир түндө 4 тыйынга төмөндөгөн.
Кечээ, 6-ноябрга карата Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларында орус валютасын сатып алуу 1 сом 25 тыйын болсо, сатуудагы баа 1 сом 27 тыйын болгон эле.
Мындан 4 ай мурун, июнь айында рублду сатып алуу 1 сом 50 тыйын, сатуу 1 сом 51 тыйынды түзгөн. Орусия акча бирдигинин арзандашы аталган өлкөдө иштеп жаткан мекендештерди кыжалат кылып жатат. Анткени алар иштеп таап, мекенине жөнөткөн акчанын (рублдун) күчү жоголууда.