Баткен облусунда көмүрдү коңшу өлкөлөргө чыгарып жаткан 5 ишканага эскертүү берилди. Муну 6-ноябрда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Облус калкы көмүр менен толук камсыздалмайынча, алардын коңшу өлкөлөргө көмүр экспорттоосуна тыюу салуу жөнүндө алгач атайын кат жиберилген. Бирок алардан жооп келбегендиктен, агенттиктин Баткен облустук бөлүмү тарабынан жакында эскертүү берилгени айтылды. Мындан кийин ишканалар көмүр башка өлкөгө экспорттолбой жатканын айтышкан. Эскертүү берилген ишканалар: “Сүлүктү шахта курулуш”, “Сүлүктү көмүр”, “Ак-Булак көмүр”, “Кызыл-Булак”, “Т.Ибрагимов” ишканалары.