Бишкек шаарындагы Улуттук онкологиялык борбордун кыш мезгилине даярдыгы начар. Муну 7-ноябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Депутаттар Эркингүл Иманкожоева менен Гүлнара Жамгырчиева 6-ноябрда аталган борбордун абалы менен таанышып чыгышкан.
Маалым болгондой, борбордо учурда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын май айында башталгандыгына карабастан, азыркыга чейин бүтө элек. Учурда оорукананын торакалдык жана кайра жандандыруу бөлүмдөрү иштебей турат. Бейтаптарды дарылоодогу санитардык нормалар сакталбай, иретсиз жагдай түзүлгөн. Борбордун чатыры толук жабылган, эшик-терезелери талкаланган абалга келип, жылытуу системи өчүрүлгөн.
Борбордун дарыгери Азимкан Мырзаканованын айтымында, оңдоо иштери башталган кезде бир ордунан жылдырууга мүмкүн болбогон операция жасалуучу медициналык аппараттар алынып салынган. Оор абалда келген бейтаптарды кабыл алып, дарылоого шарт жок.