Ош облусунда жана Ош шаарында улгайган адамдардын жалпы саны - 119 316, башкача айтканда, облус калкынын 9,3 пайызын түзөт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматына таянсак, облустагы 70 жашка чейинки карылардын саны - 86 379, 70 жаштан ашкан жарандардын саны - 32 937.
Быйылкы жылдын 9 айында облус боюнча 20 568 улгайган адам облустук жана шаардык ооруканаларда дарыланышканы айтылды.
"2014-жылдын 9 айында Ош облусунун жана Ош шаарынын тургундары менен 97, медициналык кызматкерлер менен 84 жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууларда Мамлекеттик кепилдик программасы боюнча ардагерлерге, социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарга медициналык жардам алуудагы укуктары туурасында, ошондой эле амбулаториялык деңгээлде жеңилдетилген дары-дармектер менен камсыздандыруу боюнча кеңири түшүндүрмө берилди",- деп билдирет аталган фонд.