Москва шаарында 6-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Жыйын катышуучулары 2014-2016-жылдарга карата ЖККУнун жамааттык коопсуздугун укуктук жактан камсыз кылууну өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча программа иштеп чыгуу чечимин кабыл алышты.
Кеңеш Ооганстандын Улуттук ассамблеясынын Жирги Волесинин төрагасы Мохаммад Салжукинин Ооганстандагы кырдаал жөнүндөгү баяндамасын угуп, бул маселенин тегерегинде пикир алышканын 7-ноябрда ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.
ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа уюм жоопкерчиликке алган жана жакынкы аймактардагы аскердик-саясий кырдаалдын өнүгүшү жаатында ЖККУнун уставдык орган жыйындарынын, анда кабыл алынган чечимдердин жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Тараптар Баку шаарында өткөн Европа коопсуздук боюнча кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жайкы сессиясынын жыйынтыктары, ЕККУ ПАдагы ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттик делегация жетекчилеринин жолугушууларын өткөрүү тажрыйбасы, ЖККУнун жамааттык коопсуздугунун Чыгыш-Европа аймагында түзүлгөн аскердик-саясий кырдаалды иликтөө жыйынтыктары тууралуу маалымат алышты.
Айта кетсек, кеңештин ишине Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар да катышууда.