Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 7-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ой-Тал айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышты. Окуучуларды, мугалимдерди жаңы имараттын ачылышы менен куттуктаган вице-премьер: "Керектүү жабдуулар менен камсыздалган жаңы мектеп айылдыктар жана окуучулар үчүн жагымдуу белек. Мектеп 320 окуучуга ылайыкталган, 2015-жылы бул жерге спорттук зал ачылат. Ар бир жаңы ачылган билим берүү мекемелери айрыкча айыл жергесинде кубанычтуу окуя",- деди.
Сариева Ысык-Көл облусунун 75 жылдыгына карата өткөн салтанаттуу жыйынга да катышканын өкмөттөн билдиришти.