Жолугушуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынынын алкагында өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Төрага акыркы жылдары сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлгөн Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамлекеттер жана парламенттер аралык кызматташуунун активдүү өнүгүп жаткандыгын айтты. Ал суу-энергетика тармагындагы бирдиктүү стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгын талкуулап, коопсуздукка байланышкан актуалдуу маселелердин тегерегинде пикир алышышты. Ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын алкагында кызматташууну бекемдөө жаатында ой бөлүшүштү.