Алмазбек Атамбаев Казакстандын президентине: “Каршы пикирлер айтылганына карабай кыргыз элине дайыма колдоо көрсөтүп келесиз”

Бүгүн, 7-ноябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Казакстан жана Кыргызстандын 4-Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин отуруму өтүп жатат. Жыйын жүрүшүндө Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылып буларды айтты: 

“Кыргыз менен казактай жакын эл жок. Сиз менен кезигип өзүмдүн агайым менен жолугушкандай болуудамын. Сиз ар дайым бизге колдоо жана жардам көрсөтүп келесиз. Биздин тарыхыбыз бир. Жылдан-жылга элдерибиздин ортосунда туугандык байланыш бекемделүүдө. Казакстандын өкмөт өкүлдөрү бизге колдоо көрсөтүүдө каршы пикирин айтса да, сиз “кыргыз элине жардам бергиле” деп тапшырма бересиз. Мен буга абдан ыраазымын, жалпы кыргыз эли ыраазы. Мындай жардам эч качан унутулбайт”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан