Казакстан Кыргызстанга 1 миллиард 800 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет

Казакстан Кыргызстанга 1 миллиард 800 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Астанада өтүп жаткан 4-Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев билдирди.
Анын айтымында, быйыл Кыргызстанда энергетикалык таңсыктык болгондуктан, ал кыргыз элине колдоо көрсөтүү катары электр энергиясынын керектүү көлөмүн бөлүп берүүгө даяр. "Быйыл Кыргызстанга 400 миллион киловатт-саат, кийинки жылы 1 миллиард 400 миллион киловатт-саат электр энергиясын бөлүп берүү боюнча келишимге келдик. Ал эми кыргыз тарап, ортобузда болгон макулдашууларга ылайык, сугат суу менен камсыздоого ишендирди. Бул биз үчүн абдан принципиалдуу болуп саналат",- деди казак лидери.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан